• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эргешов: «Мамлекеттин толгон-токой мүлкү бар, анан кантип алардын баары 86 млрд сом эле болуп калсын»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Ушу тапта мамлекеттик мүлктү баалоо чаралары көрүлүүдө. Мисалы, 65 мамлекеттин органдын карамагындагы негизги фондуна караштуу мүлктүн жалпы наркы 86 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ринат Түлөбердиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Мындай мамлекеттик мүлктү баалоо чаралары мындан ары дагы ырааттуу улантыла берет. Анткени, мамлекеттин карамагында материалдык эмес мүлк менен жаратылыш байлыктары турат. Алардын наркы да бааланышы керек. Андан тышкары, мүлктүн электрондук базасын түзүп, алардын баарын автоматташтыруу керек зарыл», - дейт ал.

Мамлекеттин карамагында мүлктүн 86 млрд сом түзө турганына анчалык ынана бербеген депутат Алмазбек Эргешов аны кайра эсептеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Мен буга анча ынаналбай турам. Мамлекеттин толгон-токой мүлкү бар, анан кантип алардын баары 86 млрд сом эле болуп калсын. Мисалы, канча аэробекеттери турат. Тилекке каршы, буга чейин алардын наркы так аныкталбай келген. Ошондуктан, биз дагы бул жерде так болууга тийишпиз», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий