• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эргешовдун катышуусунда аймактарда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар уюштурулууда

Коом 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешовдун катышуусунда 2018-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага ДИМК, ички иштер министрлиги (ИИМ), КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана атайын эксперттер катышууда

“Алар тарабынан жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка коомдук уюмдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандык интеграция, эрте никелешүүнүн кесепеттери, балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөө жүргүзүү, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу маселелелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2018-жылдын 15нен 19-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда, 2018-жылдын 22нен 26-октябрына чейин Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жана Нарын шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий