• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эрик Молдокулов Нарын облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Нарын облусунун мусулмандар казысы болуп Эрик Молдокулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Муфтияттан кабарлашкандай, Нарын облусунун мусулмандар казысы Маметасан ажы Ибраев ден соолугуна байланыштуу арызын жазып, кызматын тапшырды.

Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Комсомол айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Араб, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий