• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эриш-аркак жылы эки өлкө үчүн гана эмес, ЕАЭБ үчүн да маанилүү окуя. Мындай окуя КМШ тарыхында алгачкы ирет болуп жатат – эксперт

Коом 0

Кечээ, 27-февраль күнү Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки өлкө президентинин катышуусу менен болуп өттү.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн КР президенти, Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы эки элдин мындан да жакын болууга умтулуусунун белгиси болуп саналарын билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылат.

"Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт", - деди Жээнбеков.

Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болгонуна дээрлик отуз жыл толгонуна, бирок эки элдин маданий, руханий, боордоштук мамилелери ажырагыс бойдон калганын белгиледи.

"Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз карым-катнаштар мамлекеттер аралык гана мамилелерде болбостон, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамилелери абдан кубандырат. Биз кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык", - деди ал.

Президент Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили экенин, бул эки элди мындан да жакындатканын белгиледи.

Ал үстүбүздөгү жылы жалпы орток тарыхыбыздын даңктуу барагы – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракеси белгилене тургандыгына токтолду.

"Адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты кылдат сактап, урпактарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз. Биз ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгын унутпайбыз. Советтик жоокердин улуу эрдиги эч качан унутулбайт", - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошуларын кошумчалады.

"Бул жылы Кыргызстан менен Россияда жарыяланган Эриш-аркак жылы эки өлкө үчүн гана эмес, ЕАЭБ өңдүү бирикме үчүн да маанилүү окуя. Мындай окуя КМШ тарыхында алгачкы ирет болуп жатат. Бул жылы Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ар кандай аянтчаларда ар кыл бизнес жолугушуулар болуп өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы жолугушуу да маанилүү аспекттерден болот. Алар экономикалык алаканын – анын ичинде ЕАЭБ алкагында – артышына түрткү берет деген ишенич бар", - дейт Стратегиялык макро жана микроэкономикалык байкоолор борборунун экономисти (Новосибирск шаары) Виктор Пшеничников.

Ал, алдыда Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы иши натыйжалуу болот деп ойлойт.

"Башкысы, адаптациялык мезгил өттү, эми экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө таасир эте турган олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүш керек. Айтылып жаткан сунуштарда да калет жок. Эгер ЕАЭБ динамикалуу түрдө өнүгүүнү кааласа – айрыкча жакынкы араларда – бирикменин ичиндеги механизмдердин натыйжалуу иштешине көңүл бурушу керек. Ыраатка келтирилген иш болбосо бирикменин натыйжалуу болушу тууралуу сөз кылуу кыйынга турат", - деди Пшеничников.

Ачылыш аземинде КР президенти, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арбытуу Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналарын айтып өттү.

Россиядагы мекендештерге кайрылган мамлекет башчы Россиянын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге алардын турмуш шарттарын жакшыртуу иштери улана тургандыгын билдирди.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий