• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эриш-аркак жылы: Иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын алкагында биргеликте өтө турган иш-чаралардын бирдиктүү программасына кол коюлат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтымында, Эриш-аркак жылынын алкагында өтө турган иш-чаралар эки өлкөнүн борбору Бишкек менен Москвада гана өтпөйт. Ал Россиянын Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск жерлеринде жана Кыргызстандын бардык аймактарында өтүүсү пландалып жатканын элчи кошумчалап кетти.

"Эриш-аркак жылында болушунча көп аймактарды камтууга аракет кылабыз. Бул багытта мурунку жылы башталган билим берүү программалары да өзгөчө орунда турат. Алсак, Россиянын 17 мугалими ыктыярчылык негизде Ош шаарындагы мектептерге сабак берүүдө. Ошондой эле театр кызматкерлери, көркөм топтордун аймактарга баруусу жана ишкердик иш-чаралар да өткөрүлөт", - дейт ал.

2020-жылы экономика тармагында да иш-чаралардын өтүүсү күтүлүүдө. Атап өтсөк, Екатеринбургдагы аймактар аралык форум, Ысык-Көлдөгү инвестициялык форум.

Элчи белгилегендей, Эриш-аркак жылы буга чейин КМШ мамлекеттери арасында өткөрүлгөн эмес. Аталган жылдын жабылуу аземи ноябрь айында Бишкек шаарында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда өтүүсү пландалууда.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи 27-февралда Кремл сарайында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн. Ачылыш аземине эки өлкөнүн 200дөн ашык маданий кызматкерлери катышкан.

2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылы деп жарыялоо тууралуу чечим Россия президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын 28-мартында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө президенттери тарабынан кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий