• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эркебай Мурзабеков Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Мурзабеков Эркебай Рустамович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү буйруктары менен Касымов Жыргалбек Туратбекович жана Джумашев Саматбек Аспекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору кызматтарынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий