• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эркек-аял бири-бирине мээримдүү болсо узак өмүр сүрүшөт

Дүр дүйнө 0

Кээ бир окумуштуулар узун өмүр сүргөн адамдардын үй-бүлөсүн текшерип, көптөгөн ынтымактуу турмушта жашап асыл адаттарга ээ болгондон тышкары көбүнесе жубайлар ынтымактуу болгондуктан алардын ички рухий-абалы дагы бейкут өнүгөөрүн сезишкен. Текшерүүлөрдө байкалгандай, кишилердин рухий абалы жакшы болгон кезинде дене өзүнө пайдалуу бир түрдүү ферменттерди бөлүп чыгарат экен. Алар кандын процессин, нерв клеткасынын жандануу процессин эң жакшы абалда иретке салып, кишилердин ден-соолугуна пайдалуу шарт түзөт.

Эгерде жубайлар ынтымакта жашашпай ар дайым уруш-талаш болуп, кайгы-капага батса, же турмуштун айынан ажырашып кетишсе, жанагы пайдалуу клеткаларды бөлүп чыгаруучу заттар начарлап, ички мүчөлөрдүн тең салмактуулугу, ашказандын так иштешинин бузулгандыгы байкалып, кан басымы жогорулап жана жүрөк ооруга айлангандыгы байкалат.

Японияда никеден ажырашкан адамдардын маалыматын алып көргөндө алардын орточо өмүрү ынтымактуу үй-бүлөлөргө салыштырганда кескин кыскарып, эркектердин өмүрү орто эсеп менен 12 жашка, аялдардыкы 5 жашка төмөндөгөн.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, күйөөлөрү менен ынтымакта жашабаган аялдар ызалануунун кесепетинен, ачуулануудан кызыл өңгөч рагы, эмчек без рагы сыяктуу ооруларга өтө тез чалдыгышат.

Пикир

Оставить комментарий