• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эркектер арасында волейбол боюнча өлкө кубогу үчүн мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш волейбол спортун өнүктүрүү, кийинки эл аралык турнирлерге катышуу үчүн өлкөнүн күчтүү командасын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын кубогу үчүн 12 команда ат салышууда: «Аксы», «Салам Алик», «Бүркүт», «Теңир-Тоо», «Токтогул», «Ош», «СК МО КР», «Шумкар ПСН», «Билим», «Сары-Өзөн», «ИИМ ИА».

Турнир 28-ноябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий