• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Ден соолук 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Россиядагы Мордовия улуттук университетинин окумуштуулары эркектер менен аялдар инсультка кандай жолдор менен кабыларын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" гезити жазды.

Иликтөөгө ылайык, эркектерде инсульттун пайда болушуна артериянын өнөкөт оорусу, чылым, аракечтик, зат алмашуунун бузулушу жана аз кыймылдуулук таасир тийгизээри аныкталды.

Ал эми аялдарда инсульттун келип чыгышына кант диабети, ашыкча салмак, кандагы липиддердин көп болушу жана аритмия себеп экени айтылды.

Ошондой эле кан басымдын жогору болушу аялга да, эркекке да бирдей таасир тийгизери белгиленди.

Белгилей кетсек, дүйнөдө ишемиялык инсульт жаш эркектерде жаш аялдарга караганда көбүрөөк кездешет.

Пикир

Оставить комментарий