• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Эркектердин трикосу менен күрөшкөм”. Айсулуу Тыныбекованын архивдик видеосу

Спорт 0


Бишкек, 08.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырып, өзүнүн архивдик видеосун жарыялады.

Тыныбекова спорттук карьерасын баскетбол, каратеден баштаганын, бирок каражат жактан маселе жаралгандыктан, эрте жашынан баштап иштегенин жазат.

“Эрте курактан баштап иштегинимди көрүп жумуш берүүчүлөр таң калган. Иштеп жатканымдын себебин түшүнгөндөн кийин мага жумуш берүүгө макул болушту. Топтогон акчамды карате секциясына коротчумун. Ошол эле учурда баскетбол менен дагы машыгып жүрдүм. Күндөрдүн биринде эркин күрөшкө барып жүргөн Арген деген классташым Нарында мелдеш боло турганын айтып калды. Мени дагы катышуумду суранып, жеңеримди ишендирди. Буга чейин күрөшүп көрбөгөндүктөн бир күн ойлондум. Акыры катышууга бел байладым да, апамдын дагы уруксатын алдым”, - деп жазат ал.

Айсулуу Тыныбекованын ал учурда күрөшкө ылайык спорттук кийими жок болгону менен анын агасы Бишкектен сатып алып, салып жиберген.

“Мелдеш башталды, ызы-чуу, имаратка толгон адамдар. “Жеңиш керек” деген ойлор мени эч таштабады. Башында эле үч кызды утуп алдым. Кезек финалга келди. Кийим которуучу бөлмөгө кирсем финалда кармаша турган кыз курбулары менен туруптур. Алардын бири мени карап “Финалда утуп алсаң, бул жерден тирүү чыкпайсың!” деп коркутушту. “Кимибиздин утарыбызды алдыда көрөбүз” деп коркпой турганымды билдиргем. Ал учурда бир гана жеңиштин даамын сезгим келип калды. Жыйынтыгында жеңишти илип кеттим. Кайра кийим которуучу бөлмөгө кирсем жанагы кыздар жок экен. Эң кызыгы мелдеште мен эркектер кийген трико менен күрөшкөм”, - деп жыйынтыктады Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Токио Олимпидасынын күмүш байгенин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий