• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эркектерге караганда аял кишинин эс тутуму жакшы өрчүгөн. Окумуштуулардын изилдөөсү

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Швециянын Каролинска инстутитунун окумуштуулары эркектерге караганда аялдардын кайсы эс тутуму жакшы өрчүгөнүн айтышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирет.

Адистер 1973-2003-жылдар аралыгында болжол менен 1,2 миллион адам катышкан 600дөн ашык изилдөө жүргүзгөн.

Жыйынтыгында окумуштуулар аялдардын Эпизодикалык эс тутуму өнүккөнүн байкашкан. Анын жардамы менен аял киши өзүнүн жашоосундагы окуяларды жакшы эстеп калат. Маселен, сүйлөшүүдө эмне тууралуу сөз болгонун жана мурунку жуманын белгилүү бир күнүндөгү окуяны тез эстей алат.

Мындан сырткары, аялдар адамдын жүзүн жакшы эстеп калат жана жыт сезүү бөлүгү да өрчүгөн. Ошондуктан эркектерге караганда жыттарды жакшыраак айырмалап, түшүнө алышат.

Окумуштуулар эркектердин да артыкчылыгы бар экенин айтышат. Эркектер мейкиндик тууралуу маалыматты жакшы эстеп калат. Мисалга алсак, унаа токтоткон жерди оңой табуу сыяктуу нерселерди жеңил табып алат.

Адистер белгилешкендей, эс тутумдун эң сезимтал түрлөрүнүн бири болуп Эпизодикалык эс тутум саналат. Андыктан ал уйкусуздук, стресс жана тез картаюу сымал терс факторлорго дуушар болот.

Пикир

Оставить комментарий