• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору — статистика

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Эркектердин билим деңгээлинен аялдардын билим деңгээли жогору, - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, аялдар жана эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана жумуштардын топтору боюнча бөлүнүшүндө иштеген аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендиги алдын ала аныкталган. 2019-жылы иштегендердин жалпы санында жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 27%, эркектердин үлүшү – 18%, кесиптик орто билими барлар, тиешелүүлүгүнө жараша, 17% жана 8%ды түздү.

Анда орто же толук эмес орто билим жетиштүү, бирок кесиптик даярдык керек болгон ишмердиктин түрлөрүндө жана жумуштарда иштеген эркектер басымдуулук кылат. Иштеген эркектердин арасынан башталгыч кесиптик билим алган жактардын үлүшү - 10 пайызга жакынды, аялдар арасында – 5 пайызды түздү.

2019/2020 - окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында аялдар 52%ды, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында 56%ды түздү. Муну менен билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерге окутууда салттуу түрдө кыздар басымдуулук кылганы белгиленет.

Ушул эле учурда, эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика иштетүү менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Жогорку кесиптик билим берүүнүн: билим берүү (студенттердин жалпы санынын 86%), гуманитардык илимдер (80% жакын), тейлөө чөйрөсү (63%), табигый илимдер (58%) багыттары боюнча окуган аялдардын үлүшү салттуу түрдө жогору.

Ушул эле учурда, эркектер, негизинен, архитектура жана курулуш (79%), техникалык илимдер (64%) жана айыл чарба илимдери (75%), юриспруденция (63%) менен байланышкан адисттиктерди тандашат.

Аспиранттардын саны 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 26%га көбөйдү жана 2019-жылы 2,5 миң адамды түздү, ал эми докторанттардын саны 159 адамды түзүп, тескерисинче, 3%га төмөндөдү. Аспирантурада окуп жаткан аялдардын үлүшү - 59% жакынды, докторантурада - 67% жакынды түздү.

Пикир

Оставить комментарий