• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эркин Адылбек уулу бокс боюнча эл аралык мелдеште коло байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык боксчу Эркин Адылбек уулу "Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу" эл аралык мелдешинде коло медалдын ээси болду.

Мелдеш Россиянын Белоярск шаарында өтүүдө.

Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда россиялык Шарапутдин Атаевге жеңилип, мелдештин коло байгесине ээ болду.

Эскерте кетсек, буга чейин Азат Үсөналиев "Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу" эл аралык мелдешинин финалына чыккан.

Пикир

Оставить комментарий