• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эркин Асрандиев: Негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпысынан республика боюнча абал туруктуу.

Эркин Асрандиев жер-жерлердеги реалдуу кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн райондук деңгээлде ушундай эле штабдарды түзүү чечими кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөн", - деп баса белгиледи Асрандиев.

Белгилей кетсек, жолугушууга президенттин пппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий