• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин башкы штабынын жаңы жетекчиси дайындалды

Кадр саясаты 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. КР ИИМнин башкы штабынын жетекчиси болуп Эркин Баев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баев Эркин Кочкорович – милициянын полковниги. 1967-жылы 26-майда туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Ички иштер органдарында иштеп жүргөн кезде бир катар ведомстволук медалдар жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Эске сала кетсек, Баев мурда ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгын жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий