• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эркин Чечейбаев пайдалуу тамактарды бир аз жеткиликтүү кылууну сунуштады

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. / Кабар/. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматтык өнүгүү боюнча орун басары Эркин Чечейбаев “Кыргызстандагы кант диабети: көйгөлөр жана чечимдер” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө пайдалуу тамактарды бир аз жеткиликтүү кылууну сунуштады.

Анын айтымында, экономика министрлиги пайдалуу жана зыяндуу тамактардын жеткиликтүүлүгү багытындагы саясатын карап чыгышы керек. Себеби, калк үчүн пайдалуу тамактар тез татымдардан кымбат турат.

Эркин Чечейбаев “Кока-кола” газдалган суусун мисал келтирди. Ал белгилегендей, айрым өлкөлөрдө суусундуктун курамында төмөн деңгээлдеги - 6-7% кант менен чыгаруу тууралуу компания менен келишим бар. Башка өлкөлөрдө бул пайыздык көрсөткүч өтө жогору.

“Баарыбыз билгендей таттуу суусундуктар шекерге көндүрүп коет. Мындан улам ашыкча салмак пайда болуп, ал кант диабетине алып келет. Ошондуктан пайдалуу азыктарды зыян тамактардан, тамеки жана ичимдиктерден жеткиликтүү кылуу керек”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий