• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Окуу-машыгуу жыйын 11-январда старт алып, 30-январга чейин уланат. Машыгууга эркин күрөш боюнча 23 балбан тартылган.

Жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий