• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиев эмгек сиңирген спорт чебери болду

Спорт 0

Бишкек, 14.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиев “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы менен сыйланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министири Азамат Жаманкулов жана Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директору Канат Шабданбаев спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн төмөнкү адамдарга атайын спорттук наамдар тапшырылды:

“Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги” наамы:

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Асейин Төрөгелдиев;

“Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунун директору Ишенбек Дүйшеев;

Кыргызстандын күрөш федерациясынын эркин күрөш боюнча вице-президенти Алмаз Бекбоевге ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы менен Эрназар Акматалиевдин биринчи машыктыруучусу Канатбек Сыдыкбековго ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий