• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатынан келди

Спорт 0

Бишкек, 16.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынан келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти.

Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 4 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди.

61 кг салмак категориясында Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушту.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий