• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча курама Париждеги дүйнөлүк чемпионатка катышат

Спорт 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Чемпионат 23-27-августта Франциянын борборунда болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Команданын курамына 21-24 жашка чейинки ар кандай салмактагы төрт спортчу кирген.

Алар:

1. 1996-жылы туулган Улукбек Жолдошбеков, 57 кг чейин салмакта

2. 1996-жылы туулган Алибек Осмонов, 61 кг чейин салмакта

3. 1993-жылы туулган Эламан Догдурбек уулу, 70 кг чейинки салмакта

4. 1995-жылы туулган Саякбай Усупов, 74 кг чейинки салмакта

Спортчулардын чемпионатка катышуусуна дирекция 1 млн 234 миң сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий