• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатында 4 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстан 19 кураманын ичинен бешинчи орунга татыды.

Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өттү. Улуттук курама 2 алтын, 2 коло медаль алган.

Улукбек Жолдошбеков (61 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болушту.

Коло үчүн күрөштө Бекболот Мырзаназар уулу 57 кг чейинки салмакта өзбекстандык Сардор Рузимовду жеңип, коло байгени утту.

Исламбек Орозбеков 70 кг чейинки салмакта монголиялык балбан менен күрөшмөк. Бирок, анын атаандашы килем үстүнө чыкпагандыктан Орозбеков мелдештин үчүнчү орунуна илинди.

Пикир

Оставить комментарий