• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги – алгачкы күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш кечээ, 9-январда башталган. Анда балбандар 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмакта күч сынашкан.

Байге ээлери:

57 килограммга чейин:

1. Бекболот Мырназар уулу;

2. Тайырбек Жумашбек уулу;

3. Бекзат Алмаз уулу, Абдымалик Карачов.

65 килограммга чейин:

1. Нургазы Абдуразаков;

2. Айбек Токтогул уулу;

3. Орозбек Токтомамбетов, Алибек Осмонов.

74 килограммга чейин:

1. Бекжан Жамбулов;

2. Адилет Анарбеков;

3. Стамбул Жаныбек уулу.

86 килограммга чейин:

1. Алигаджи Гамидгажиев;

2. Нуртилек Карыпбаев;

3. Мирлан Чыныбеков, Саматбек Станбек уулу.

97 килограммга чейин:

1. Андрей Аронов;

2. Арсланбек Турдубеков;

3. Ахроржан Мадаминов, Касиет Кубанычбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий