• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эркин күрөш боюнча спортчулар Дүйнө кубогунан кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Белград шаарында (Cербия) өткөн Дүйнө кубогунан Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 21-декабрда спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Ислам Орозбековдун жеке машыктыруучусу Ислам Тазабеков, жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Асеин Төрөгелдиев, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Алмаз Аскаров тосуп алышты.

Жалпысынан жеке Дүйнө кубогунда эркин күрөш стилиндеги балбандар 2 коло медалга ээ болушту: Ислам Орозбеков 70 кг чейинки салмактык категорияда жана Айаал Лазарев 125 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогунун алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер 15-19-декабрь күндөрү өттү.

Пикир

Оставить комментарий