• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эркин Тавашаров энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Тавашаров Эркин Казбекович энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

"Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий