• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эркин Тентишев президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тентишев Эркин Саткынбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Өлкө башчы кол койгон башка жарлыкка ылайык, Алымбаев Нурил Жайылбекович президенттин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий