• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эркиндик бульварында Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулат

Маданият 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишине кыргыз жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулат.

Кыргызстандын Баатырынын эстелиги орнотула турган жашыл зона тосулуп, эстеликти орнотууга даярдалууда.

Эскерте кетсек, 23-июлда президенттин катышуусунда Ысык-Көл облусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара өткөн.

Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, Сыдыкбековдун чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу зарыл.

Мамлекет башчысы ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы Улуу Ата мекендик согуштагы патриотизмди даңктагандыгы үчүн өз мезгилинин эң башкы жана кадыр-барктуу сыйлыгы болгон Сталиндик сыйлыкка – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыгандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий