• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эркиндик бульварында немис джаз тобунун концерти болот

Маданият 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкекке Германиянын Time Rag Department аталышындагы джаз тобу келет.

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, каалоочулар 12-сентябрда саат 17:00дөн 18:00гө чейин концертке күбө боло алат. Кирүү акысыз

“Биздин джем сессияга келиңиздер, биз менен чогуу кыргыз-немис мамилелеринин 30 жылдыгын, музыкалык түрдө белгилейли. Сиздерди немис жана кыргыз музыканттары менен музыка кандай кызыктуу экенин көрсөтө турган кече күтөт.

Досторуңузду жана үй-бүлөңүздү ала келиңиздер - биз сиздерди күтөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий