Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Эркиндик бульварындагы имараттын жер төлөөсүндө ысык суу өтүүчү түтүк жарылган. Окуя бүгүн, 14-ноябрда түнкү саат 02:45 чамасында катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жер төлөөдөгү сууну сордургуч менен тазалап беришкен.
Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий