• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрлан Абдылдаев Берлиндеги кыргызстандыктар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-ноябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкʏлдөрʏ менен кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Абдылдаев өз сөзʏндө Германиянын ар кайсы Федералдык округдарында тʏзʏлгөн кыргызстандыктардын коомдорунун иш-аракеттерин өзгөчө белгиледи жана аларды мындан ары дагы биримдикке чакырды.

Элчи мекендештерди 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жигердʏʏ катышууга чакырды.

Жолугушуунун катышуучулары ар кандай суроолорду талкуулашты, алардын кээ бирлерине консулдук кызматтар көрсөтʏлдʏ. Берлиндеги кыргыз диаспорасынын эӊ активдʏʏ өкʏлдөрʏнө элчиликтин ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Элчилик тарабынан жолугушуунун катышуучулары ʏчʏн кыргыз көркөм фильми көрсөтʏлдʏ жана чакан музыкалык чыгарма тартууланды. Элчиликтеги мекендештердин жолугушуулары жакшы адатка айланып калды жана мындай жолугушуулар Германия жергесиндеги кыргызстандыктардын мындан ары дагы биримдигин бекемдөөгө салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий