• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрлан Абдылдаев: “Кыргызстан Иран үчүн виза берүүнү жеңилдетти”

Саясат 0

Бишкек, 19-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан Иран үчүн виза берүү процессин жеңилдетти. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстанга расмий сапары менен келген Ирандык кесиптеши М.Ж. Зариф менен жолугушуунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, тараптар “ишкердик” жана “туризм” категориялары боюнча визаларды берүүнү жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. “Бул ирандык ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Эки жактын ишкердик тармагында өз ара аракеттешүүлөрүн көбөйтүүгө жакшы түрткү болуп берет”, - деди Э.Абдылдаев.

Ошондой эле, министр Кыргызстан жана Иран банк тармагындагы мамилелерин тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий