• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Оторбаев Эринес Мотойович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий