• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эрлан Абдылдаев Сан-Маринонун ТИМ башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын ишине катышуунун алкагында Нью-Йорк шаарында КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Сан-Марино республикасынын ТИМ башчысы Никола Ренци жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сан-Маринонун ортосундагы кызматташуунун маанилүү маселелерин жана келечекке болгон пландар тууралуу талкуулашты.

Ошондой эле тарапта күн тартибиндеги эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий