• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эрлан Шеров дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде экинчи болду

Спорт 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде экинчи болду.

Жаңыланган рейтинг 10-апрелде Италияда өткөн Европа ачык Кубогунун жыйынтыгы менен чыгарылган. Анда Кыргызстандык спортчу жаштар арасында дзюдо боюнча күмүш медаль уткан.

Шеров 81 кг чейинки салмактык категория боюнча спортчулардын рейтингинде 250 балл алган. Биринчи орунда Италиялык Кристиан Парлати турат.

Дагы бир дзюдочу Юрий Краковецкий чоңдор арасында 100 кг ашуун салмактык категорияда дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын алдыңкы он сабына кирген.

Пикир

Оставить комментарий