• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрмек Үмөтов Талас облустук медиа борборунун директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Эрмек Үмөтов Талас облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Үмөтов Эрмек Асанович - 1953-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1975-1977-жылдары Фрунзе политехникалык окуу жайында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. 2009-2010–жылдары Талас облустук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

Ал эми 2010-жылдан тартып ушул күнгө чейин Талас облустук телерадиокомпаниясын жетектеп келе жаткан.

Пикир

Оставить комментарий