• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды. Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.

Кийинки чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти.

Ал эми финалга чыгуучу күрөштө кыргыз балбаны россиялык Евгений Жербаев менен күч сынашып, 9:5 эсебинде алдыга чыкты.

Алтын үчүн күрөштө Акматалиев польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Ал эми эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий