• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 05.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридистин белине кирип, эки-үч ирет айлынтып, 12:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Кийинки кармашуу ирандык Али Акбар Али Аскар менен болду. Биринчи бөлүктө мекендешибиз 4:2 эсебинде утулуп келе жаткан, ага карабастан атаандашынын белине өтүп жатып эсепти 10:6га айлантуу менен жарым финалга жолдомо утуп алды.

Аталган күрөш боюнча таймашта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын медалга татыды.

Эскерте кетсек, буга чейин Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий