• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрназар Акматалиев күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 04.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды.

Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий