• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең аймактар аралык коомдук транспорттор иштей баштайт: Унаада 60-70% гана жүргүнчү болушу керек

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республикалык штабдын чечиминин негизинде 5-июндан тарта Кыргызстан боюнча коомдук транспорттор толук кандуу ишке кирет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспортунун жана салмактыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Касымалы уулу Арслан билдирди.

Анын айтымында, Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар көрүлүүдө. “Жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалар менен иштер жүргүзүлдү. Аларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Учурда тийиштүү мамлекеттик органдар алгоритмди иштеп чыгууда. Анын негизинде коомдук транспорттун айдоочусу каттамга чыгардын алдында медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Ар бир каттам сайын унааны дезинфекциялап турушу шарт” – дейт Касымалы уулу Арслан.

Ал белгилегендей, унаада 60-70 пайыз гана жүргүнчү болушу керек. “Жүргүнчүлөр дагы беткап, антисептик менен колдонууга тийиштүү. Эртеңден тарта коомдук транспорттор иштөөгө даяр”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий