• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Эртең, 16-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кезексиз жыйындын күн тартибинде президенттин отставкасы каралат. Жыйын саат 10:00дө башталат.

Эскертке кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий