• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты эртең шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, саат 19:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүк жабылат.

Кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий