• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Ала-Тоо аянтында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси эскерилет

Коом 0

Бишкек, 11.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте эртең эл жазуучу Чыңгыз Айматовдун туулган күнүнө карата анын элесин эскерүү иш-чарасы өтөт.

Иш-чара саат 13:00дө “Ала-Тоо” аянтындагы Айматовдун айкелине гүл коюу менен башталат.

Андан соң, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кылым карытар бир күн” аталыштагы талкуу болот.

Иш-чарага маданият кызматкерлери, мугалимдер, студенттер жана калаанын жаш лидерлери катышат.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында каза болгон, жазуучу ал жакта дарыланып жүргөн. 14-июнда “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде коюлган.

Пикир

Оставить комментарий