• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Шевченко Ливанда дүйнө чемпиону титулу үчүн Швециялык спортчу менен мушташат

Спорт 0


Бишкек, 28-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Эртең, 29-апрелде кыргызстандык тайбоксер Антонина Шевченко WMC и Phoenix FC версиялары боюнча муай-тай боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн ат салышат. Бул тууралуу КР тай бокс федерациясы билдирди.

29-апрелде Зук-Микаэле шаарында (Ливан) Phoenix 2 эл аралык мелдеши өтөт, ага 10 өлкөдөн 20 мушкер (анын ичинде 15 дүйнө чемпиону) катышат.

Сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону А.Шевченко Швециянын өкүлү Исой Тидблад Кескикангас менен мушташат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчунун үстүбүздөгү жылдагы Lion Fight чемпиондук титулун коргоодогу алгачкы мушташы атаандашынын күнөөсүнөн улам үзгүлтүккө учураган. Алейде Лавант (Нидерланд) жаракатынан мелдешке катыша албай, ал франциялык Магали Ферони менен алмашкан, бирок спортчу мушташтын алдында медициналык комиссиядан өтпөгөндүгүнө байланыштуу мушташ болгон эмес.

Мушташ 29-апрелде жергиликтүү саат боюнча 00:00до башталат.

Пикир

Оставить комментарий