• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда "Арашан" асыл тукум эт багытындагы койлордун көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Эртең, 18-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылында КР Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен "Арашан" асыл тукум эт багытындагы койлордун көргөзмөсү республикалык деңгээлде өткөрүлөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмөгө “Арашан” породасындагы койлорду баккан жеке фермерлер бирикмеси жана асыл тукум породасындагы мал өстүрүүчү тажрыйбалуу фермерлер катышат.

Көргөзмөнүн максаты асыл тукум кой чарбасын популяризациялоо, тажрыйба алмашуу, сандан-сапатка өтүү болуп саналат.

Көргөзмөдө "Арашан" асыл тукум эт багытындагы койлордун салмагын өлчөө боюнча фермерлер ортосунда конкурс уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий