• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Арча-Бешик конушунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Эртең, 13-февраль күнү Арча-Бешик конушунда суу өчүрүлөт Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Суу эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин жок болот. Суу Арча-Бешик конушунун Абдрахманов, Жайыл Баатыр, Шералиев жана Чортеков көчөлөрү менен чектешкен бөлүгүндө өчүрүлөт.

Суу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий