• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең "Арча-Бешик" конушунда таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Эртең "Арча-Бешик" конушунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, таза суу эртең мененки саат 10:00дөн кечки 17:00гө чейин жок болот. Суунун өчүрүлүшү күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү иштери менен байланыштуу.

"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандардан, уюм-мекемелерден таза суу камдап алуусун суранабыз", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий