• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең, бүрсүгүнү жолдор жабылат: Жол кыймылынын коопсуздугу кызматынан себебин түшүндүрүштү

Коом 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 27-28-ноябрда көчөлөрдө чектөө киргизиле тургандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдиргендей, 27-28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.

"Аталган иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армениянын өлкө башчылары жана Казакстандын президентинин мамлекеттик иш сапары менен келиши күтүлүүдө. Көчөлөр бир гана президенттерди ташыган кортеж өткөндө жабылат. Калган учурда көчөлөр штаттык режимде иштейт", - дейт Исраилов.

Алдыда күтүлүп жатка иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:

  1. "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  2. Фучиктен Чүй проспектисине чейин;
  3. Жибек Жолунан Манас проспектисине чейин;
  4. Чүй проспектиси менен Манаска чейин;
  5. Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  6. Фрунзе көчөсүнөн Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаевге чейин;
  7. Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринен резиденцияга чейин.

Исраилов белгилегендей, кыймыл жыш болгон кесилиштерде милиция кызматкерлери болуп, жолдогу тартипти көзөмөлдөйт.

Мындан сырткары, "Коопсуз шаардын" камералары кортеж өтүп жатканда жол эрежесин бузган айдоочуларды каттоого албайт. Андан кийин камералар штаттык режимде иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий