• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Баткен шаарында бир тонна сүмөлөк жасалат

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Эртең, 21-мартта, Баткен шаарындагы борбордук стадиондо “Нооруз - 2022” майрамы республикалык деңгээлде өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттын жүрүшүндө:

- кол өнөрчүлүк, тамак аш, айыл чарба жарманкелери;

- улуттук классикалык күрөш мелдеши;

- "Баткен килемдери” аллеясы;

- 1 тонна сүмөлөк бышырылат;

- Баткен облусунун 3 район, 3 шаарлары тарабынан боз үйлөр тигилет;

- “Нооруз” театралдаштырылган прологу көрсөтүлөт.

Анлан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Нооруз майрамына арналган концерттик программа болот. Концерттик программа кечинде да уланып, облус тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.

Белгилей кетсек, майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталат. Стадионго кирүү көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлөт. Өкүлчүлүк облус тургундарын саат 09:00гө чейин кечикпей текшерүүдөн өтүп, борбордук стадионго жайгашууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий