• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Баткенде чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Эртең, 16-январда Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Вице-премьер-министр Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

Пикир

Оставить комментарий