• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Эртең бир катар депутаттар Баткен облусуна барат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Эртең, 30-апрелде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Баткен облусуна барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеш мамлекеттик чек ара жөнүндөгү маселени карап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматын укту.

Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгаруу деңгээлинде Баткен облусунда түзүлгөн кырдалды жөнгө салуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кеңешменин жүрүшүндө чек аралаш аймактарда жашаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү маселеси да талкууланды.

Депутаттар кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Эске сала кетсек, Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бишкектеги жумуш орундарында болуп, зарыл учурда кеңешмеге чогулуу үчүн алар 3-7-майда региондордо шайлоочулар менен иштөө жөнүндөгү токтомду жокко чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий