• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Бишкек мэринин Жаңы жылдык балатысы өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Эртең, 27-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэринин Жаңы жылдык балатысы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамга 1 миңден ашуун бала катышары күтүлүүдө. Алардын ичинде мектептин алдыңкы окуучулары, ар кыл конкурстардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, афганчылардын, чернобылчылардын жана 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Пикир

Оставить комментарий